Кыргызстанда жөлөк пулдарды жогорулатууга 450 миллион сомдон ашык талап кылынат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-октябрынан тарта майыптыгы бар балдарга бериле турчу пособие 50 пайызга көтөрүлөт. Ал эми 2022-жылдын январынан баштап жөлөк пулдар 100 пайызга жогорулайт.
Бул максатта 3 миллиард сомдой керектелет. Каржылоо булагы – мамлекеттик бюджет.