Дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлар аталды

Дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлар аталды. Эл аралык эксперттер дүйнөнүн 60 шаарындагы кылмыштуулуктун деңгээлине изилдөө жүргүзүп, рейтинг түздү.

 

Ага ылайык, Копенгаген биринчи орунда жайгашты. Экинчиде Торонто, үчилтикти Сингапур бекитет.

 

Тизмеде ошондой эле Токио, Сидней, Амстердам, Гонконг, Мельбурн бар. Эң коопсуз шаарды аныктоо үчүн кылмыштуулуктун деңгээлинен башка дагы шаардагы саламаттыкты сактоо кызматы, инфраструктура, экология жана жеке коопсуздук сыяктуу критерийлер эске алынган.