Кыргызстанда жер титиреди

22-сентябрь күнү кечки саат 22:07де өлкө аймагында очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

 

«Жер титирөөнүн очогу Ат-Ойнок кырка тоолорунда, Көл айылынан 5 чакырым түштүк-чыгыш, Алмалуу айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Тар-Суу айылында 3 баллга чейин сезилди»— деп жазылат билдирүүдө.

Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Көл, Алмалуу айылдарында 3 жарым балл, Кырк-Казык, Ак-Тектир, Кара-Күңгөй, Чоң-Арык, Чолпон-Ата айылдарында 3 баллга чейин сезилген.