Бишкекте 7 инсандын эстелигине QR код орнотулду

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жанында орнотулган QR коддорду салтанаттуу ачуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу «Эсте» коомдук фонду билдирди. Маалыматка ылайык, эми каалаган адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу QR коддорду сканерлеп, эстеликтер тууралуу маалыматты ала алат. Тарыхты даңазалоого багытталган долбоорду «Эсте» коомдук фонду жүзөгө… Кененирээк…

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат.   Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең анын Алыкулов — Кырк-Кыз көчөлөрүн бириктирген бөлүгү тосулат. 1,5 чакырым аралыкка асфальт төшөлөт.   Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Гагарин, Өмүр жана Лущихин көчөлөрү сунушталат.

Лионель Месси «ПСЖ» клубу үчүн алгачкы голун жаратты

Франциянын «ПСЖ» клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы «Манчестер Сити» клубуна каршы оюнда париждик клуб үчүн алгачкы голун жаратты.   Месси оюндун 74-мүнөтүндө Килиан Мбаппенин чыгаруусун голго айланта алды. Буга чейин үч оюнга чыккан Месси 1 дагы жолу голдук пас чыгарып бере элек болчу.   Эскерте… Кененирээк…

Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам аталды

Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам аталды. “Forbes” басылмасынын рейтинги боюнча Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск «Amazon» компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безосту артка таштап, дүйнөдөгү эң бай адам деп табылды.   Бүгүнкү күндө анын байлыгы 203 миллиард 400 миллион долларга жетти.   Ал эми Жефф Безос 197 миллиард… Кененирээк…