Франциянын «ПСЖ» клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы «Манчестер Сити» клубуна каршы оюнда париждик клуб үчүн алгачкы голун жаратты.
Месси оюндун 74-мүнөтүндө Килиан Мбаппенин чыгаруусун голго айланта алды. Буга чейин үч оюнга чыккан Месси 1 дагы жолу голдук пас чыгарып бере элек болчу.
Эскерте кетсек, Месси «Париж Сен-Жермен» клубуна 10-августта кошулган. Ал буга чейин «Барселона» клубунда ойноп келген.