Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам аталды

Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам аталды. “Forbes” басылмасынын рейтинги боюнча Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск «Amazon» компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безосту артка таштап, дүйнөдөгү эң бай адам деп табылды.

 

Бүгүнкү күндө анын байлыгы 203 миллиард 400 миллион долларга жетти.

 

Ал эми Жефф Безос 197 миллиард 700 миллион доллар байлыгы менен экинчи орунду ээледи. «Louis Vuitton Moët Hennessy» ишканасынын ээси Бернард Арно  175 миллиард 700 миллион менен  үчүнчү орунга жайгашты.