Бишкекте 7 инсандын эстелигине QR код орнотулду

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жанында орнотулган QR коддорду салтанаттуу ачуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу «Эсте» коомдук фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, эми каалаган адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу QR коддорду сканерлеп, эстеликтер тууралуу маалыматты ала алат. Тарыхты даңазалоого багытталган долбоорду «Эсте» коомдук фонду жүзөгө ашырды.

Ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, коомдук ишмер жана Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов жана фонддун президенти Айбек Кыштобаев катышты.

Долбоордун негизги максаты — кыргызстандыктардын арасында тарых жана маданиятты жайылтуу, ошондой эле өлкөнүн туристтик тармагын өрчүтүүгө колдоо көрсөтүү.