Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат.
Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең анын Алыкулов — Кырк-Кыз көчөлөрүн бириктирген бөлүгү тосулат. 1,5 чакырым аралыкка асфальт төшөлөт.
Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Гагарин, Өмүр жана Лущихин көчөлөрү сунушталат.