Кыргызстанда вакцина алган жарандардын саны 1,5 миллионго жакындады

Кыргызстанда вакцина алган жарандардын саны 1,5 миллионго жакындады. 816 миң адам биринчи дозаны алса, 611 миңи эмдөөнүн курсунан толук өттү, — деп билдиришти саламаттыкты сактоо министрлигинен. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда экономикалык тармакты пандемияга чейинки абалга кайтаруу үчүн калктын 70 пайызын эмдөө керек. Бул 2 миллион 300… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды

Жогорку Кеңеш Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды. Макул деп 62 депутат добуш берсе, 4төө каршы болду. Абдыгулов депутаттарга билдиргендей, президент ага Кыргызстандан Эл аралык валюттук фонддун кеңешчиси болууну сунуштады.

Баткен облусунда кийим тигүүчү фабрика ишке киргизилди

Баткен облусунда кийим тигүүчү фабрика ишке киргизилди.   Ишканада 500дөн ашык адам эмгектенүүдө. Алардын басымдуусу – аялдар жана жаштар. Фабрика айына 500 миң даана кийим чыгаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ.   Продукциянын сапаты эл аралык талаптарга жооп берип, компания экспортко ири буйрутмаларды дагы ала алат. Учурга карата… Кененирээк…

Балыкчы – Барскоон унаа жолунун бир бөлүгүн калыбына келтирүү башталды

Балыкчы – Барскоон унаа жолунун бир бөлүгүн калыбына келтирүү башталды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жеринде асфальт катмарын төшөө иштери жүрүп жатат.   Аба-ырайынын шарттары жакшы болсо, 15 чакырым тилке  жаңыртылат. Күтүлгөндөй, оңдоо иштери аяктагандан кийин трасса 4 чийиндүү болуп, ортолору атайын шаймандар менен… Кененирээк…

28-ноябрда парламенттик шайлоолордон тышкары, бир нече жергиликтүү кеңештердин шайлоосу дагы өтөт

28-ноябрда парламенттик шайлоолордон тышкары, бир нече жергиликтүү кеңештердин шайлоосу дагы өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, добуш берүү Жалал-Абад облусунун 3 районунда жана Ош облусунун бир районунда уюштурулат. БШКга добуш берүүнү бардык талаптарга ылайык уюштуруу тапшырмасы берилди.   Андан тышкары,… Кененирээк…

Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларын текшерүү боюнча чектөөлөр алынды

Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларын текшерүү боюнча чектөөлөр алынды.   Бул туурауу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Алмаз Шаршенбеков билдирди.   Анын айтымында, акыркы учурларда коомдук тамактануу жайларында уулануу учурлары көп катталууда. Анализ тастыктагандай, буга тамак-аш даярдоодо эрежелер бузулуп, кызматкерлердин жеке гигиенаны сактабагандыгы… Кененирээк…

Италияда дүйнөдөгү эң чоң ашкабак өстүрүлдү

Италияда дүйнөдөгү эң чоң ашкабак өстүрүлдү. ТоскАнадагы дыйкандар салмагы  1 миң 226 килограммдык ашкабакты өстүрүштү.   Учурда алар Гиннес рекорддор китебинин расмий жообун күтүп жатат. Ал эми буга чейинки рекорд бельгиялык Матиас аттуу фермерге таандык.   Ал 2016-жылы 1 миң 190 килограммдык ашкабак өстүргөн.

Баткенде жалгыз орус тилдүү мектептин 50 жылдыгы белгиленди

Баткенде жалгыз орус тилдүү мектептин 50 жылдыгы белгиленди. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул билим берүү мекемесинде окууга суроо-талап жыл сайын өсүп жатат.   Буга байланыштуу, бийлик мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртып, кийинкиге жакшы шарттарды түзүү ниетинде.

Түнкүсүн тышкы жарыктандыруу өчүрүлүшү керек

Түнкүсүн тышкы жарыктандыруу өчүрүлүшү керек. Мындай чечим Улуттук энерго холдингде кабыл алынды.   Ага ылайык, кафе-ресторандар, парктар, дүкөндөр, тышкы жарнама такталары түнкүсүн тышкы жарыгын өчүрүшү керек болот.   Талаптын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча рейддер өткөрүлөт. Токтомдун демилгечиси Улуттук энерго холдингдин жетекчисинин орун басары Замирбек Хожомамбетов түшүндүргөндөй,… Кененирээк…

Шайлоо участогу алачкы ирет Венгрияда ачылды

Шайлоо участогу алачкы ирет Венгрияда ачылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим аталган өлкөдө биздин элчилик ачылганына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги тарабынан кабыл алынды.   Алдыдагы шайлоодо жалпысынан 29 чет мамлекетте 58 тилке ачылат. Алар Казань, Краснодар, Самара, Томск, Хабаровск, Нью-Йорк, Чикаго, Анталья,… Кененирээк…