Чүй облусунун 2 айылы таза суу менен камсыздалат

Чүй облусунун 2 айылы таза суу менен камсыздалат. Аймактык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, кеп, Интернациональный жана Бозбармак айылдары тууралуу болуп жатат. Аталган жерледе суу түтүгү тартылат. Бул үчүн 87 миллион сом багытталат.

БШК парламенттик шайлоого карата жеке коргонуу каражаттарын сатып алат

БШК парламенттик шайлоого карата жеке коргонуу каражаттарын сатып алат. Комиссиядан билдиришкендей, 63 миң беткап, 8 миң коргонуу костюмдары жана 126 миң кол кап даярдалат. Бул максатта 7 миллион 279 миң сом жумшалат. Андан тышкары, 7 миллион 800 миң сомго антисептиктер жана кол аарчылар алынат. Ушуну… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушталды

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушталды.   Улуттук электр станцияларынан билдиришкендей, күзгү-кышкы жылуулук сезону оор болот. Анткени, өлкөдө энергетиканын жетишсиздиги сакталууда.   Ал электр энергиясынын колдонуу көрсөткүчү өскөнүнө жана Нарын дарыясында суунун аз болушуна байланыштуу.   Андыктан, жарандарга электр жабдууларын зарылдыгы жок күйгүзбөй, сарамжалдуу колдонуу сунушталат.… Кененирээк…

Пекинде кийинки жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына че элдик көрүүчүлөр киргизилбейт

Пекинде кийинки жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына че элдик көрүүчүлөр киргизилбейт. Мындай маалымат оюндардын комитетинин сайтында жарыяланды.  Билеттер Кытайдын жарандарына гана сатылат.   Олимпиаданын катышуучулары — спортчулар жана аларды коштоп барган делегация мүчөлөрү күн сайын коронавируска тест тапшырат.   Эске салсак, кышкы Олимпиада оюндары… Кененирээк…

Сузакта сегиз киши күйдүргүгө шек саналып ооруканага түштү

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун сегиз тургуну күйдүргү (сибирь жарасы) оорусунун белгилери байкалып ооруканага жаткырылды. Алардын төртөөнө илдет жукканы лабораториялык анализден кийин аныкталды. Бул тууралуу Сузактагы жалпы даргердик практикалык борборунун жетекчиси Өмүрбек Махмаджунус уулу “Азаттыкка» билдирди. «Ооруканага түшкөндөрдүн ичинен төртөөндө күйдүргү оорусу лабораториялык анализдерден кийин аныкталды.… Кененирээк…

TikTok колдонуучуларын багындырган туристтик багыттар аталды

TikTok колдонуучуларын багындырган туристтик багыттар аталды. Биринчи орунда Япония турат. Бул өлкөнүн кооз жерлери менен видеолор 460 миллион көрүү топтоду.   Роликтердин басымдуусу туристтерге этикет эрежелерин жана бул өлкөгө баруу үчүн ыңгайлуу мезгил тандоо  жана башка кеңештерди камтыйт. Экинчи орунда Россия жайгашты. Лидерлердин үчилтигин Мексика… Кененирээк…

Акыйкатчы Институту 4-октябрдан тарта “Укук кербени” долбоорун ишке киргизет

Акыйкатчы Институту 4-октябрдан тарта “Укук кербени” долбоорун ишке киргизет. Бир ай бою ведомствонун кызматкерлери жарандарды кабыл алуу боюнча көчмө топтордо иштейт.   Жолугушуулардын алкагында жарандардан арыздар кабыл алынып, зарыл юридикалык кеңештер берилет. Андан тышкары, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жабык мекемелердеги адамдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөйт.   Долбоордун… Кененирээк…

Экскурсия быйылкы жылдын эң популярдуу эс алуусу аталды

Экскурсия быйылкы жылдын эң популярдуу эс алуусу аталды.   Эксперттердин айтымында, 2020-жыл көптөгөн саякатчылардын адаттарын өзгөрттү. Учурда адамдар башкалар менен байланышын азайтып, жаратылыш койнунда эс алууга ыктап калды.   Экинчи орунда кемпинг турат. Үчүнчүдө велосипед менен саякаттоо. Сурамжылоого катышкандардын айтымында, эс алуунун бул түрлөрү үнөмдүү… Кененирээк…

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, республиканын басымдуу аймагында 1-октябрдан 4-октябрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт.   Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетип, аба табы кескин төмөндөйт. Аба-ырайынын мындай шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.

Тышкы жарыктандыруу боюнча чектөөлөр борбордук көчөлөргө жана магистралдарга тиешелүү эмес

Тышкы жарыктандыруу боюнча чектөөлөр борбордук көчөлөргө жана магистралдарга тиешелүү эмес. Бул тууралуу Улуттук энерго холдингдин жетекчси Таалай Байгазиев билдирди.   Анын айтымында, бул экинчи даражагы жана тынч көчөлөргө тиешелүү. Түнкү 12ден кийин аларда жарык толугу менен өчүрүлүшү керек.   Мындай чектөөлөр кафе-ресторандарга дагы караштуу болот.… Кененирээк…