БШК парламенттик шайлоого карата жеке коргонуу каражаттарын сатып алат

БШК парламенттик шайлоого карата жеке коргонуу каражаттарын сатып алат.

Комиссиядан билдиришкендей, 63 миң беткап, 8 миң коргонуу костюмдары жана

126 миң кол кап даярдалат. Бул максатта 7 миллион 279 миң сом жумшалат.

Андан тышкары, 7 миллион 800 миң сомго антисептиктер жана кол аарчылар алынат.

Ушуну менен жалпысынан шайлоо учурунда ковидден коргонуу үчүн 15 миллион сом

керектелет. Сумма республикалык бюджеттен берилет. Шайлоо 28-ноябрда өтөт