Акыйкатчы Институту 4-октябрдан тарта “Укук кербени” долбоорун ишке киргизет

Акыйкатчы Институту 4-октябрдан тарта “Укук кербени” долбоорун ишке киргизет. Бир ай бою ведомствонун кызматкерлери жарандарды кабыл алуу боюнча көчмө топтордо иштейт.

 

Жолугушуулардын алкагында жарандардан арыздар кабыл алынып, зарыл юридикалык кеңештер берилет. Андан тышкары, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жабык мекемелердеги адамдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөйт.

 

Долбоордун жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарга эскертүүлөр жана сунуштар берилет.