Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, республиканын басымдуу аймагында 1-октябрдан 4-октябрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетип, аба табы кескин төмөндөйт. Аба-ырайынын мындай шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.