TikTok колдонуучуларын багындырган туристтик багыттар аталды

TikTok колдонуучуларын багындырган туристтик багыттар аталды. Биринчи орунда Япония турат. Бул өлкөнүн кооз жерлери менен видеолор 460 миллион көрүү топтоду.

 

Роликтердин басымдуусу туристтерге этикет эрежелерин жана бул өлкөгө баруу үчүн ыңгайлуу мезгил тандоо  жана башка кеңештерди камтыйт. Экинчи орунда Россия жайгашты. Лидерлердин үчилтигин Мексика бекитет. Мыктылардын катарына ошондой эле АКШ, Кытай, Вьетнам жана Италия кирди.