Пекинде кийинки жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына че элдик көрүүчүлөр киргизилбейт. Мындай маалымат оюндардын комитетинин сайтында жарыяланды. Билеттер Кытайдын жарандарына гана сатылат.
Олимпиаданын катышуучулары — спортчулар жана аларды коштоп барган делегация мүчөлөрү күн сайын коронавируска тест тапшырат.
Эске салсак, кышкы Олимпиада оюндары кийинки жылы Пекинде 4-20-февраль аралыгында өтөт.