Айпери Медет кызы атаандашын бир мүнөттүн ичинде жеңди

Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да старт алды.

 

Дүйнө чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштады. Анда ал эквадордук Розангела Реаско Валдес аттуу балбан менен кез келди.

 

Биринчи бөлүктө Айпери Медет кызы атаандаштын артына өтүп, 2 упай алды. Андан кийин Айпери Медет кызы атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.

Муну менен Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.