Кыргызстанда эң чоң айлыкты маалымат жана байланыш тармактарынын кызматкерлери алышат

Кыргызстанда эң чоң айлыкты маалымат жана байланыш тармактарынын кызматкерлери алышат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бир айда алар орточо эсеп менен 41 миң сомдон алышат.

 

Ал эми эң аз маяна искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында – болгону 10 миң сомдун тегерегинде. Жалпысынан, өлкө аймагында айлыктын орточо көлөмү 19 миң 600 сомду түзөт, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 9 пайызга көп.