Москваны каптап жаткан коюу туман зыянсыз

Москваны каптап жаткан коюу туман зыянсыз. Бул тууралуу Россиянын метеорологдору билдиришүүдө. Тумандан улам Москвада чектөөлөр киргизилди. Алсак, айдоочуларга жолго чыгуу сунушталбайт. Аэропорттордо көрүү начарлап, дээрлик 150 каттам токтотулду. Ошондой эле 30 учак башка аэропортторго жөнөтүлдү. Белгилеп кетсек, Москваны 1-ноябрдан бери коюу туман каптоодо. Өз кезегинде… Кененирээк…

Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиондугунун беттештери уланууда

23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун беттештери уланууда. Бүгүн килем үстүнө кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы чыгат. Биздин спортчу мелдешти жарым чейрек финалдан баштайт, алгачкы атаандашы эквадордун атлет болот. Кармаш Бишкек убактысы менен 3:30да старт алат. Жүйнө биринчилиги Сербиянын Белград шаарында 7-ноябрга… Кененирээк…

Кыргызстанда быйылкы окуу жылындагы каникулдар 29 календарлык күндү түзөт

Кыргызстанда быйылкы окуу жылындагы каникулдар 29 календарлык күндү түзөт. Бул 5 күндүк окуу системасындагыларга тиешелүү, — дешти Билим берүү министрлигинен. Алсак, күзгү каникул 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин 7 күнгө созулат. Кышкы каникул – 12 күн болот — 31-декабрдан 11-январга чейин. Ал эми жазгы эс алуу –… Кененирээк…

Кыргызстанда банктык төлөм карталарын барынан көп Бишкекте, Ош жана Жалал-Абад облустарында колдонулат

Кыргызстанда банктык төлөм карталарын барынан көп Бишкекте, Ош жана Жалал-Абад облустарында колдонулат. Аталган 3 аймакта биригип карталардын саны 2 миллион 250 миңге жетет. Ал эми аз колдонгондор Нарын жана Таласта 277 миңди түзөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы 5 жыл ичинде төлөм карталар 2… Кененирээк…

Россиянын коргоо министрлиги Кыргызстандагы аскердик базаларында байланыштын жаңы тутумун орнотот

Россиянын коргоо министрлиги Кыргызстандагы аскердик базаларында байланыштын жаңы тутумун орнотот. Бул тууралуу «Известия» басылмасы билдирди. Маалыматка караганда, ал Борбордук Азия аймагында санариптик байланышты күчөтүү максатында орнотулат. «Аскердик интернет» быйылкы жылдын аягына чейин жайгаштырылат. Муну менен катар Россия өзүнүн аскердик базаларынын авиациялык байланышын дагы күчөтөт.

Кыргызстанда аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу уланууда

Кыргызстанда аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу уланууда. Ал 30-ноябрга чейин уланат. Башкы штабтын маалыматына ылайык, 18 жаштан 25 жашка чейинки аскерге чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же аскердик кызматтан бошотуу укугу жок бардык жарандар жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына кайрылышы керек. Быйыл күзгү чакырууда 3 миңден… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстандагы орточо айлык 19 миң 586 сом деп белгиленди

Быйыл Кыргызстандагы орточо айлык 19 миң 586 сом же 231 доллар деп белгиленди. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, быйыл январдан августка чейин былтыркы жылдын 8 айына салыштырмалуу маяна 9,2 пайызга көбөйдү. Айлык барынан Бишкекте жогору – 25 миң сом, Нарында — 18 миң 870 сом… Кененирээк…

Мыйзамсыз көмүр сатуу фактысына айып салынат

Мыйзамсыз көмүр сатуу фактысына айып салынат. Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жейналы Оросбаев билдиргендей, ведомствонун кызматкерлери 400гө жакын чарба субъектилерине түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Дагы 300үнө монополдукка каршы күрөшүү боюнча мыйзамды сактоо талаптары берилди. Эгер аларда тартип бузуулар кайрадан кайталанса 17 миң… Кененирээк…