Чаткалда бир литр бензиндин баасы 77 сомго чыкты

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бир литр бензин 75-77 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Жоодар Атантай уулу «Азаттыкка» кабарлады. Ал бензиндин кымбатташы башка тамак-аш өнүмдөрүнө таасирин тийгизип, райондо кымбатчылык болуп жатканын айтты.

«Бензиндин баасы бизде өтө эле көтөрүлүп кетти. Азыр литри 75-77 сомдон сатылып жатат. Кошуна жайгашкан Ала-Бука районунда 58 сом болуп жатат. Мыйзам боюнча Монополияга каршы кызмат көзөмөлгө алыш керек болчу. Бул бардык нерсеге таасир берип, карапайым элге кымбатчылык болуп кетти. Чаткалдан Бишкекке каттам 1200 сомдон 2000 сомго көтөрүлүп кетти».

Монополияга каршы мамлекеттик кызматтын өкүлү Сыргак Оморов бензиндин баасын көзөмөлдөө боюнча өкмөттүн токтому жок экенин, азыр токтомдун негизинде көмүрдүн баасы коюлганын «Азаттык» радиосуна билдирди. Мындан сырткары Орусияда, Казакстанда бензин көтөрүлүп, Министрлер кабинети ушул маселени карап жатканын кошумчалады.

Аталган мекеменин Жалал-Абад обулусундагы өкүлү Фархад Чегебаевдин айтымында, Чаткалда бензиндин баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Чаткалда төрт айыл өкмөтү, 12 айыл бар. Учурда район боюнча жети май куючу жайдын үчөө гана иштеп жатат.

Ишкерлер Чаткалга бензин жеткирүү пайдасыз экенин билдирүүдө. Бул аймак аз бензин колдонуп, чыгымдарды жаппай каларын айтышууда.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу 21-октябрда “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, бензин ноябрда 9-10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн деген жоромолун билдирген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул күндөрү орточо баалар бензиндин А-95 үлгүсүнө 61,51 сом, А-92 үлгүсүнө 56,96 сом, А-80 үлгүсүнө 54,24 сом, дизел отунга 51,69 сомдон болуп жатат.

Президенттик администрациянын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын бийлиги күйүүчү-майлоочу майлардын баасын туруктуу кармоо механизмдерин караштырып жатканын 22-октябрда Бишкектеги “AгроТехЭкспо2021” көргөзмөсү учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айткан.