Facebook адамдын жүзүн тааныган технологиядан баш тартат

«Фейсбук» социалдык тармагы адамдын жүзүн сүрөт жана видеодон автоматтуу түрдө тааныган технологиядан баш тартууну чечти.

Компания бул чечим коомдогу чочулоодон улам кабыл алынганын түшүндүрдү. Технологияны колдонуунун так эрежелери жок болгону, бул канчалык этикага жатат деген нааразылык жаратып келатат.

 

«Фейсбук» миллиарддан ашуун колдонуучунун жүзүн тааныган үлгүлөрдү алып салмакчы. Болжол менен бул иш декабрга чейин аяктайт.

Дүкөн, оорукана же башка жайлардагы коопсуздукту камсыздоо үчүн орнотулган технологияга каршы чыккандар ал адамдын жеке турмушунун купуялуулугун бузарын, кимдир бирөөнүн артынан аңдуу үчүн колдонулушу мүмкүн экенин айтышат.

 

Өткөн аптада компания ири жаңжалдын чордонуна кабылды. Мурдагы кызматкери администрация социалдык тармактын ишине кийлигишип, айрым жогорку даражалуу адамдарга артыкчылык берерин, мазмунун тескөөгө жетишпей жатканын ачыкка чыгарган.

 

Бир нече күн мурун компания атылышын Meta Platforms кылып өзгөрткөн, бирок социалдык түйүн буга чейинки аталышын сактап калды.