Куткаруучулар айдоочуларга кооптуу тилкелерде этият болууга чакырат. Бишкек-Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында кар жаап, муз тоңушу күтүлөт.
Буга байланыштуу, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашуулары аркылуу сапарга чыга турган айдоочулар сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, унаалар ортосундагы 500 мтерлик аралыкты сакташы керек.