“Файзер” вакцинасы өлкөнүн бардык аймактарына жеткирилди

“Файзер” вакцинасы өлкөнүн бардык аймактарына жеткирилди. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.

 

Анын айтымында, препарат менен эмдөө эки этап менен жүргүзүлөт. Натыйжалуулугу 95 пайызды түзөт. Эске салсак, “Файзер” вакцинасынын 259 миң дозасы Кыргызстанга октябрдын аягында COVAX программасынын алкагында жеткирилген.