Кыргызстанга жакынкы арада атайын муздаткыч жабдуулардын 200 даанасы жеткирилет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.
Анын айтымында, муздаткычтар “Файзер” вакцинасын коопсуз сактоо үчүн колдонулат. Анда -80 градус болгондуктан, препаратты 6 айдан 9 айга чейин сактоо мүмкүн болот.