Тарых музейи январга чейин чейин ачылышы мүмкүн

Тарых музейи январга чейин чейин ачылышы мүмкүн. Маданият министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, германиялык компания алдындагы карыз төлөндү.

 

Немис адистери ушул айда өлкөгө келип, мультимедиялык системаны ишке киргизсе, анда Жаңы жылга чейин музей каалгаларын ачып калат. Эске салсак, тарых музейин калыбына келтирүү иштери 2016-жылы башталган.

 

Андан бери анын ачылышы бир нече ирет жылдырылды. Оңдоо иштеринин алкагында Генералдык прокуратура бир нече берене менен кылмыш ишин козгогон, алардын ичинде каражатты туура эмес багыттоо иши дагы бар.