Instagram тиркемесинде кезектеги жаңы функция

Instagram тиркемесинде кезектеги жаңы функция. Эми колдонуучуларга лентаны карап жаткан учурда тыным жасоо тууралуу билдирүү келип турат. Бул өзгөртүүлөр жөнүндө сервистин башчысы Адам Моссери өзүнүн Твиттердеги баракчасында жарыялады.   Ал тактагандай, социалдык тармакта атайын убакытты ар бир колдонуучу өзү белгилеп алса болот. Ошол мөөнөт өткөндө… Кененирээк…

Бишкекте 6 саламаттыкты сактоо объектиси оңдолду

Бишкекте 6 саламаттыкты сактоо объектиси оңдолду. Мэриянын маалыматына ылайык, тизмеде үй-бүлөлүк медициналык борборлору жана Шаардык клиникалык оорукана бар.   Учурда оңдоо иштери дагы 5 медициналык жайда уланууда. Мэриядан  эске салышкандай, жалпысынан быйыл 90 мунипиалдык объект жаңыланат.

Кыргызстандын ишкерлери арыз жазып, тиешелүү көзөмөл-кассалык аппаратты акысыз ала алышат

Кыргызстандын ишкерлери арыз жазып, тиешелүү көзөмөл-кассалык аппаратты акысыз ала алышат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, администрациялоо системасынын жумушчу долбооруна 1 миңден ашык ишкер катышып жатат.   Программа жыл аягына чейин созулат.   Ведомстводон такташкандай, көзөмөл-кассалык аппараттын бул үлгүсү субъекттин учеттук системасын оңой таанып, бат эле иштешип… Кененирээк…

Кыргызстанда керектүү деп эсептелген 500дөн ашык дары-дармектин баасы арзандатылды

Кыргызстанда керектүү деп эсептелген 500дөн ашык дары-дармектин баасы арзандатылды.   Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалда калктын арасында чоң суроо-талапка ээ болгон дарылардын баасы мурункуга салыштырмалуу  10 пайыздан дан 68 пайызга  чейин төмөндөтүлдү.

Өзбекстан жөө баскан жарандарына акча төлөп берүүдө

Өзбекстан жөө баскан жарандарына акча төлөп берүүдө. Мыйзамга ылайык, жөө жүрүүчүлөргө акча мамлекеттик бюджеттен “Дени сак жашоо образы” тиркемеси аркылуу төлөнөт.   Бул демилге президент Шавкат Мирзиеевке таандык. Учурда тиркемени колдонгондордун саны 600 миң адамга жетти. Жөө басып сейилдеген адамдарга жалпысынан 18 миллиард сум сом төлөндү.

Түндүк-түштүк унаа жолунун бир бөлүгүндө курулуш аяктады

Түндүк-түштүк унаа жолунун бир бөлүгүндө курулуш аяктады. Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки 100 чакырымы аяктады. Тилкенин ачылыш аземи кечээ өттү.   Маалыматка ылайык, жумушу эң оор деп эсептелген бул тилкеге эстакадалык эки көпүрө курулду.   Белгилеп кетсек, Түндүк-түштүк альтернативалык жолун куруу иштери үч фазага… Кененирээк…