Instagram тиркемесинде кезектеги жаңы функция

Instagram тиркемесинде кезектеги жаңы функция. Эми колдонуучуларга лентаны карап жаткан учурда тыным жасоо тууралуу билдирүү келип турат. Бул өзгөртүүлөр жөнүндө сервистин башчысы Адам Моссери өзүнүн Твиттердеги баракчасында жарыялады.

 

Ал тактагандай, социалдык тармакта атайын убакытты ар бир колдонуучу өзү белгилеп алса болот. Ошол мөөнөт өткөндө Инстаграм тыныгуу алуу керектигин эскертет. Жаңы функция декабрда жеткиликтүү болот деп пландалууда.