Кыргызстандын ишкерлери арыз жазып, тиешелүү көзөмөл-кассалык аппаратты акысыз ала алышат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, администрациялоо системасынын жумушчу долбооруна 1 миңден ашык ишкер катышып жатат.
Программа жыл аягына чейин созулат.
Ведомстводон такташкандай, көзөмөл-кассалык аппараттын бул үлгүсү субъекттин учеттук системасын оңой таанып, бат эле иштешип кетет. Катышуучуларга “Жеке кабинетке” кирүүгө мүмкүнчүлүк берилип, алар өзүнүн ишкердүүлүгүнө ошол жерден дагы көзөмөл жүргүзө алат.