Түндүк-түштүк унаа жолунун бир бөлүгүндө курулуш аяктады

Түндүк-түштүк унаа жолунун бир бөлүгүндө курулуш аяктады. Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки 100 чакырымы аяктады. Тилкенин ачылыш аземи кечээ өттү.

 

Маалыматка ылайык, жумушу эң оор деп эсептелген бул тилкеге эстакадалык эки көпүрө курулду.

 

Белгилеп кетсек, Түндүк-түштүк альтернативалык жолун куруу иштери үч фазага бөлүнгөн. Биринчи фазасын 2022-жылдын ноябрында аяктоо пландалууда.

 

Экинчи фазасы кийинки жылы бүтөт. Ал эми жыйынтыктоочу иштер 2023-2024-жылдарга туура келет. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары.