Бишкектеги жылуу аба-ырайы дагы бир жумага созулат

Бишкектеги жылуу аба-ырайы дагы бир жумага созулат. Алдыңкы күндөрү ордо калаанын термометр көрсөткүчтөрү +14 градуска чейин көтөрүлөт. Дүйшөмбүдө бир аз суук түшөт, бирок ал 1 эле сутка кармалат.   Шейшембиден тарта кайрадан күн жылыйт. Чыныгы кыштын ызгаары 18-ноябрдан кийин сезилип баштайт, — дешет синоптиктер.

Жогорку Кеңеш шайлоосуна бюллетендер 21-ноябрга чейин даяр болот

Жогорку Кеңеш шайлоосуна бюллетендер 21-ноябрга чейин даяр болот. БШКнын маалыматына ылайык, аймактык шайлоо комиссияларына документтер 23-ноябрга чейин жеткирилип, шайлоо тилкелерине бюллетендер добуш берүүгө   1-2 күн калганда таратылат.   Буга чейин маалымдалгандай, бюллетендердин тексти бекитилген.   Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Добуш берүү… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринин иши жеңилдетилүүдө

WhatsApp мессенджеринин иши жеңилдетилүүдө. WABetaInfo порталынын маалыматына ылайык,  колдонуучу жаңы функцияны иштеткенден кийин анын смартфону бузулуп калса да WhatsApp тиркемесине кирүү үчүн кайра авторизациядан өтүп отурбайт.   Бир аккаунтту төрт түзмөктө иштетсе болот. Көптөн күткөн функция Android жана iOS системаларында жаңы бета версиясында иштеп баштады.

Бишкеткин айрым аймактарында бүгүн таза суу жок болот

Бишкеткин айрым аймактарында бүгүн таза суу жок болот. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, саат 4кө чейин муздак суу Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында өчүрүлдү.   Убактылуу чектөөлөр суу дарбазасындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

Ошто жаштар үчүн креативдүү хабдын курулушу башталды

Ошто жаштар үчүн креативдүү хабдын курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Маалым болгондой, бул жер жаштар шаарды өнүктүрүү боюнча идеяларды талкуулап, чыгармачылык, инновациялык иш-чаралар менен жолугушууларды уюштурууга ылайыкташкан аянтча болот.   Хабдын курулушуна жалпысынан 10 миллион сомдон ашык жумшалат. Каражатты демөөрчүлөр бөлүп берди.

БШК Фейсбук менен кызматташууну улантуу боюнча келишим түздү

Борбордук шайлоо комиссиясында Борбордук Азияда Фейсбуктун программаларын жана аспаптарын жүзөгө ашырууга жооптуу болгон өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.   БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы болуп өткөн шайлоолордо натыйжалуу кызматташуу көрсөткөндүгү үчүн Фейсбукка ыраазычылыгын билдиргени айтылат маалыматта.   «Социалдык тармактар бүткүл дүйнө жүзү боюнча, анын… Кененирээк…

Жалал-Абаддын символикалык атрибуттары жаңыртылат

Жалал-Абаддын символикалык атрибуттары жаңыртылат. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, сынакка бардык каалоочулар катышып, эмгектерин сунуштай алышат.   Жеңүүчүлөргө жалпысынан 200 миң сом  бөлүнөт. Сынактын жыйынтыгы 15-ноябрда чыгарылат. Облустун символикалык атрибуттары 1998-жылдары кабыл алынган. Кийин алардын айрымдары саясий партиялардын эн белгилерине окшоп калгандыктан колдонулбай калган.

Түндө Жалал-Абадда 4 баллдык жер титирөө болду

Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна таянып кабарлады. Жер титирөө кечээ, 10-ноябрь күнү, саат 23:41де катталган. Ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон жана Толук айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.   Жер титирөөдөн жабыркагандар… Кененирээк…

Улуттук банктын төрагасына жаңы орун басарлар дайындалды

Манас Жакыпов Улуттук банктын орун басары болуп дайындалгандыгын президенттин маалымат кызматынан кабарлады. Мындай буйрукка Садыр Жапаров кол койгон. Жакыпов учурда 46 жашта. 2021-жылдын август айынын ортосуна чейин «ФинансКредитБанк» ЖАКнын директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп турган.   Мындан мурдараак Жапаров Улуттук банкка дагы бир жаңы орун басарды – Заир… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров Түркияга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-12-ноябрда Түркияга иш сапары менен барат. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» аттуу сегизинчи жыйынына катышат. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев белгилегендей, Саммиттин алкагында Түрк тилдүү… Кененирээк…