Кыргызстанда керектүү деп эсептелген 500дөн ашык дары-дармектин баасы арзандатылды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалда калктын арасында чоң суроо-талапка ээ болгон дарылардын баасы мурункуга салыштырмалуу 10 пайыздан дан 68 пайызга чейин төмөндөтүлдү.