Жалал-Абад облусунун жаңы символикалык атрибуттары тандалды

Жалал-Абад облусунун жаңы символикалык атрибуттары тандалды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады. Символикалык атрибуттарда облустун негизги өзгөчөлүктөрү камтылган. «Гербдин ортосунда Жалал-Абаддын аркасы, айланасына облус өлкөдө энергетиканын борбору катары сүрөттөлүп, мунай өндүрүү, айыл чарба, жаңгак токою, Саймалуу-Ташта түшүрүлгөн байыркы сүрөт элементтери чагылдырылган. Ал эми туу көк… Кененирээк…

Калың туманга байланыштуу, айдоочуларга этият болуу сунушталат

Калың туманга байланыштуу, айдоочуларга этият болуу сунушталат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан эскертишкендей, трассаларды туман басып, көрүү кескин начарлады. Андан улам, айдоочулар зарыл болбосо, алыс сапарга чыгуудан баш тартып, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүү кажет. Жөө жүрүүчүлөр болсо, жолду тиешелүү тилкелерден гана, жол чырактын жашыл түсүнө… Кененирээк…

Талас шаарында жаңы жылдык балаты 150 миң сомго орнотулат

Талас шаарында жаңы жылдык балаты 150 миң сомго орнотулат. Шаардык комуналдык ишканасынын маалыматы боюнча, учурда кыш сулуусун сатып алуу жана аны кооздоо боюнча иштерге даярдык көрүлүүдө. Жаңы жылдын башкы символунун узундугу былтыркыдай 12 метр болот жана ал борбордук аянтка тургузулат.

Бишкектеги «Рухий-Мурас» конушуна газ киргизилди

Бишкектеги «Рухий-Мурас» конушуна газ киргизилди. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, муну менен 5 миң 500 тургун көгүлтүр отко туташтырылды. Жалпысынан узундугу 26 чакырым болгон газ түтүктөрү үйлөрдүн короолору жана жердин алды менен өткөрүлдү. Иштерди “Газпром Кыргызстан” ишканасы жүргүздү. Белгилеп кетсек, буга чейин ордо калаадагы Алтын-Ордо… Кененирээк…

2022-жылы Бишкекте дагы 3 бала бакча капиталдык оңдоодон өтөт

2022-жылы Бишкекте дагы 3 бала бакча капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, кеп, №1, №135 жана «Ак-Шоола» мектепке чейинки даярдоо мекемелери тууралуу болуп жатат. Андан тышкары, быйыл жаңы конуштарда 5 бакчанын курулушуна капсула салынды, бирок кийинки жылы алар пайдаланууга берилбейт.… Кененирээк…

Украинада жарандык алуу жеңилдейт

Жогорку Рада Донбасста Украина үчүн согушкан чет элдик ыктыярчылар жана саясий көз карашынан улам куугунтукка кабылган орусиялыктар үчүн украин жарандыгын алуу тартибин жөнөкөйлөттү. УНИАН агенттиги кабарлагандай, айрым адамдардын паспортту жөнөкөй шарт менен алуусуна багытталган “Украинанын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү Жогорку Раданын 285 депутаты колдоду.… Кененирээк…

Кыргызстанда эркектер арасында эркин күрөш боюнча чемпионат өтөт

Кыргызстанда эркектер арасында эркин күрөш боюнча чемпионат өтөт. Спорттук күрөш федерациясынан билдиришкендей, 57 килограммдан баштап 125 килограммга чейинки салмак категориясындагылар арасында 12 топтом медаль ойнотулат. Өлкө биринчилиги 13-14-январда спорт ордосунда өтөт.

Бишкекте 250 орундуу дагы бир бала бакча ачылат

Бишкекте 250 орундуу дагы бир бала бакча ачылат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы мектепке чейинки даярдоо мекемеси ордо калаадагы балдардын кургак учук ооруканасынын базасында түзүлдү. Ачылыш аземи бүгүн өтөт. Ведомстводон белгилешкендей, медициналык мекемени бакчага айландырууга санэпидемстанция жана мэрия уруксат берди. Анда дыкат текшерүүлөр жүрдү. Мекеме… Кененирээк…

Бишкекте чылым чегүүгө уруксат берилген кафе-ресторандар айыпка тартылат

Бишкекте чылым чегүүгө уруксат берилген кафе-ресторандар айыпка тартылат. Бул тууралуу мамлекеттик санэпидемиологиялык көзөмөл борборунун адиси Улук Сүйүндүков билдирди. Анын айтымында, ноябрда рейд жүрдү, анда чылым чегүүгө тыюу салынганы тууралуу оозеки эскертүүлөр берилди. Эми мыйзамды бузуучулар аныкталууда, 12 протокол түзүлүп, 116 миң сомго айып салынды. Рейддин… Кененирээк…

Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1,5 миллион дозасы келди

Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1,5 миллион дозасы келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, коронавируска каршы препаратты Кытай биздин өлкөгө гуманитардык жардам катары ыйгарды. Вакцина “Манас” аэропортуна келип түштү. Эске салсак, буга чейин дагы Кытай Кыргызстанга аталган препараттын бир нече дозасын берген. Sinopharm өлкөдө 21… Кененирээк…