Жалал-Абад облусунун жаңы символикалык атрибуттары тандалды

Жалал-Абад облусунун жаңы символикалык атрибуттары тандалды.
Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Символикалык атрибуттарда облустун негизги өзгөчөлүктөрү камтылган.
«Гербдин ортосунда Жалал-Абаддын аркасы, айланасына облус өлкөдө энергетиканын борбору катары сүрөттөлүп, мунай өндүрүү, айыл чарба, жаңгак токою, Саймалуу-Ташта түшүрүлгөн байыркы сүрөт элементтери чагылдырылган. Ал эми туу көк түстө болуп, сол тарабында улуттук оюу-чийме, ортосунда алтын түстөгү учуп бара жаткан шумкар жана күндүн 12 шооласы түшүрүлгөн. Бул облустун он эки район-шаарын билдирет. Гимнде да аймактын баалуулуктары даңазаланган.
Өкүлчүлүк облустун символикалык атрибуттарын жаңыдан түзүү боюнча сынакты төрт ай бою жүргүзүп, келип түшкөн 15 ишти карап чыккан. Сынак алгач жайында эле жарыяланып, бирок сунуштар комиссия мүчөлөрүнүн купулуна толбогондуктан кайрадан конкурс өткөн.
Жеңүүчүлөргө жалпы 200 миң сом акча тапшырылат.
Облустун символикалык атрибуттары алгач 1997-жылдары кабыл алынган. Кийин алардын айрымдары саясий партиялардын эн белгилерине окшоп калгандыктан нааразычылыктар жаралып, колдонулбай калган.