Бишкекте 250 орундуу дагы бир бала бакча ачылат

Бишкекте 250 орундуу дагы бир бала бакча ачылат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,

жаңы мектепке чейинки даярдоо мекемеси ордо калаадагы

балдардын кургак учук ооруканасынын базасында түзүлдү.

Ачылыш аземи бүгүн өтөт. Ведомстводон белгилешкендей,

медициналык мекемени бакчага айландырууга санэпидемстанция жана

мэрия уруксат берди. Анда дыкат текшерүүлөр жүрдү.

Мекеме оорукана болгонго чейин дагы бакча болчу.