Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1,5 миллион дозасы келди

Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1,5 миллион дозасы келди.

Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык,

коронавируска каршы препаратты Кытай биздин өлкөгө гуманитардык

жардам катары ыйгарды. Вакцина “Манас” аэропортуна келип түштү.

Эске салсак, буга чейин дагы Кытай Кыргызстанга аталган препараттын

бир нече дозасын берген. Sinopharm өлкөдө 21 күн

аралык менен 2 дозада колдонулууда.