Кыргызстанда такси айдоочуларынын ишине чектөөлөр киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда такси айдоочуларынын ишине чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул таксини лицензиялаштырууну иштеп чыгууда эске алынат.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ыманалы Саркуловдун айтымында, көп иштеген жана аз уктаган айдоочулардын басымдуусу жол кырсыктарынын себепкери болот, андыктан, бийлик алардын эс алуусуна көз салуу… Кененирээк…

Кыргызстан милициясы Жаңы жыл майрамдарына карата кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт

Кыргызстан милициясы Жаңы жыл майрамдарына карата кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт. Бизге Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 30-декабрдан 8-январга чейин өздүк курамды толугу өзгөчө тартипке өткөрүү пландалууда.   Учурда милиция кызматкерлери объектилердин жана эс алуу аймактарынын администрациясы менен биргеликте жаңы жылдык майрамдарга даярдыкты текшерип жатат.… Кененирээк…

Ишкерлерди тейлөө борбору ачылган күндөн тартып үч жуманын ичинде 1 миң 331 салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү

Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору ачылган күндөн тартып үч жуманын ичинде 1 миң 331 салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинен салыктык каттоодон 72, эсептик каттоодон 18, кайра каттоодон 57 салык төлөөчү өттү. Ошондой эле салыктар… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы 2022-жылдын башында ишке ашат

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы 2022-жылдын башында ишке ашат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Ал белгилегендей, бул багыттагы иштер менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги алектенет. Андан тышкары, Бишкек, Ош жана башка шаарларда камераларды орнотуу жана монтаждоо иштери жүрүп… Кененирээк…

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын жалпы курамы Ички иштер министрлигине өтөт

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын жалпы курамы Ички иштер министрлигине өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, Унаа жана жолдор министрлигине караштуу жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөөчү автоинспекторлор да ИИМге өтөт. Бирок азырынча канча кызматкер ротация болору айтыла элек.

ЖЭБ-2 аймагындагы жер тилкелерге документтер берилип баштады

ЖЭБ-2 аймагындагы жер тилкелерге документтер берилип баштады. 20 жер тилкесинин ээлери менчик укугуна актыны алышты, — деп билдиришти «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен. Маалыматка ылайык, дагы 12 акты берүүгө даярдалууда. Документ алууну каалагандардан дагы 60 арыз келип түштү. Бул багытта иштер активдүү уланууда. Эске салсак, буга чейин… Кененирээк…

Аскар Акаев УКМКда сурак берип жатат

Мурунку президент Аскар Акаев бүгүн, 15-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип жатат. Ал Бишкекке 14-декабрда эртең менен келген. Аны уулу Илим коштоп жүргөнү белгилүү. Акаев буга чейин 2-августта Кумтөр алтын кени боюнча УКМКда сурак берген.

Токмок шаарындагы кичи райондо кызыл зона убактылуу жабылды

Токмок шаарындагы кичи райондо кызыл зона убактылуу жабылды. Бул тууралуу шаардык дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунун директору Улан Дыйканалиев билдирди. Анын айтымында, медициалык мекемеде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Жаӊы лифт жана резервдик генератор  орнотулат. Пневмонияга чалдыккандар Кемин жана Ысык-Ата ооруканаларына жөнөтүлөт. Ковидге кабылган кош бойлуулар Токмок шаарындагы төрөт… Кененирээк…

“Электр станциялары” ишканасы 270 миң тонна көмүр сатып алат

“Электр станциялары” ишканасы 270 миң тонна көмүр сатып алат. Бул максатта 850 миллион 500 миң сом багытталат. Муну менен 1 тонна кара отундун тоннасы 3 миң 150 сомдон айланат. Тандалган жеткирүүчү компания алгач сунуштаган көмүрдүн абалын текшертүү үчүн 20 миң тонна алып келиши керек. Сыноолор… Кененирээк…

Самат Насирдинов Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Улуттук статистика комитетинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Статкомдун расмий сайтында маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Самат Насирдинов Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Президенттин башка тескемесине ылайык, Николай Чуйков Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Эске сала кетсек, Самат… Кененирээк…