2022-жылы Бишкекте дагы 3 бала бакча капиталдык оңдоодон өтөт.
Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында,
кеп, №1, №135 жана «Ак-Шоола» мектепке чейинки даярдоо мекемелери
тууралуу болуп жатат. Андан тышкары, быйыл жаңы конуштарда
5 бакчанын курулушуна капсула салынды, бирок кийинки жылы алар
пайдаланууга берилбейт. Курулуш иштери 3-5 жылга чейин созулат.
Белгилеп кетсек, учурда ордо калаада 23 миң бөбөк бакчага кезекте турат.