Бишкекте имараттар бир түскө боелот

Бишкекте имараттар бир түскө боелот. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, алгач иштер борбордук көчөлөрдөн башталат, андан кийин короолордун ичиндеги үйлөрдүн маңдайкы бети сырдалат.   Чиновник белгилегендей, имараттарды жана үйлөрдү бир түскө бое – шаарды бирдиктүү форматка алып келет.

Бишкек милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Бишкек милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чара жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу киргизилди.   Шаардагы коомдук коопсуздукту жеке курам толугу менен камсыздайт. Күчөтүлгөн тартип 10-январга чейин созулат.

Казакстанда кой батирдин баасында сатылды – 40 миң долларга

Казакстанда кой батирдин баасында сатылды – 40 миң долларга. Гиссар тукумундагы койдун бою 1 метрден ашат. Бриллиант каймана атын алып жүргөн кой Нидерландыдан алынып келинген.   Асыл тукум бат чоңоюп, этинин сапаты менен бааланат. Койду сатып алгандар дал ошол тукуму үчүн алганын белгилеп, келечекте көбөйтүүнү… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы балатасын тургундар ушул жумада көрө алышат

Өлкөнүн башкы балатасын тургундар ушул жумада көрө алышат. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, 17-декабрга белгиленген иш-чарада Ала-Тоо аянтындагы башкы балаты жандырылат.   Кече концерт менен коштолот. “Бишкексветтин” кызматкерлери учурга карата жасалгалоону дээрлик аяктап калышты. Муниципалитеттен буга чейин белгилешкендей, Бишкекти жаңы жылга карата жасалгалоого 5,5 миллион… Кененирээк…

Ордо калаада жыл сайын 10 миң чарчы метр тротуар оңдолот

Ордо калаада жыл сайын 10 миң чарчы метр тротуар оңдолот. Вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун айтымында, кийинки жылдан тартып бул максатта атайын берене менен каражат бөлүнүп турат.   Күтүлгөндөй, алгач тротуарлар Ахунбаев, Ибраимов көчөлөрүн, Жибек Жолу проспектин жана Жаш Гвардия бульварын бириктирген бөлүктө оңдолот.

Бишкекте “Наристе” бала бакчасынын кезектеги бөлүмү чылды

Бишкекте “Наристе” бала бакчасынын кезектеги бөлүмү чылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, объект 7 кичи райондо жайгашып, 250 орунга эсептелген.   Пландалгандай, бул жерде иш 4 тайпага бөлүштүрүлүп жүргүзүлөт. Ар бир баланын тамак-ашына 112 сомдон бөлүнөт. Буга чейин “Наристе” бала бакчасынын бөлүмү Шакиров көчөсүндө ачылган.

Кыргызстанда жеңил таксилерге лицензиялаштыруу тартиби киргизилет

Кыргызстанда жеңил таксилерге лицензиялаштыруу тартиби киргизилет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы президенттин жарлыгынан кийин документтерди даярдоого киришти.   Ведомство жетекчиси Ыманалы Саркуловдун айтымында, учурда таксисттер лицензиясы жок иштейт. Ал эми өз ыктыяры менен алган патенттер эч кандай милдеттенмелерди бербегендиктен, авариялар дагы көп катталат.  … Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот.   Ал колдонуучуга онлайн макамын жашырып коюуга шарт түзөт. Жаңычылдык колдонуучулардын жашырындуулугун жогорулатуу максатында киргизилип жатат.   Эгер учурда адам онлайн отурабы же тармакта жок экени бардыгына көрүнсө, кийин бул атайын тандалган колдонуучуларга гана көрүнүп калат.

Окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күнгө созулат

Окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күнгө созулат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемелери  31-декабрдан 11-январга чейин эс алышат. Үчүнчү чейрек 12-январда старт алат.   Эске салсак, быйыл жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталып, 8-июнга чейин созулат.

Ошто мыйзамсыз курулган 800 үйгө техникалык паспорт берүү башталды

Ошто мыйзамсыз курулган 800 үйгө техникалык паспорт берүү башталды.   Бул тууралуу түштүк калаанын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жапалактагы 13 айылда 800гө жакын үй мыйзамсыз курулганы маалым болгон.   Анын ичинен 300 турак жайга техникалык изилдөө жүргүзүлдү. Учурда калган үйлөрдө да мобилдик топтор иш алып… Кененирээк…