2022-23-окуу жылына балдарды мектепке электрондук кабыл алуу жеңилдетилди.
мындан ары паспорттун көчүрмөсү, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү,
жашаган жери боюнча маалымкатты тиркөөнүн кереги жок. Анын ордуна ата-эненин
паспортундагы ИНН номери, айрым маалымат жана баланын күбөлүгүнүн номери
киргизилет, — деди Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова.
Андан тышкары, балдарды 1-класска кабыл алууда экзамен, тест, аңгемелешүүлөрдү
жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле аскер кызматкерлеринин, этникалык
кыргыздардын, билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдердин балдарына
артыкчылык берилет. Белгилеп кетсек, быйыл 1-класска балдар
өлкө боюнча электрондук түрдө кабыл алынат.