Кыргызстан мектептеринин көбүндө сабактар бүгүнтөн тартып кадимки форматта башталат

Кыргызстан мектептеринин көбүндө сабактар бүгүнтөн тартып кадимки форматта башталат.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 1 миң 489 билим берүү мекемеси ишин жандантат.

Парталарга азырынча 1-класстан 6-класска чейинкилер жана 9-11-класстын окуучулары отургузулат.

Эки жума бою аталган мектептер көзөмөлдө болот. Эгер эпидемиологиялык абал туруктуу болсо,

башка класстын окуучуларына да кадимки режимде окууга уруксаат берилет.

Буга карабай Бишкек жана Ош шаарындагы мектептер азырынча ачылбайт.

Акыркы маалыматтар боюнча аталган шааарларда вирусту жуктуруу жогорку деңгээлде.