Кыргызстанда жаңы окуу жылы эми ар дайым 15-сентябрда башталат.
Бул тууралуу 24 агенттигине министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, документтерде 1-сентябрь 15 деген санга гана өзгөртүлдү.
Бирок, коомдук-саясий кырдаалга жараша чечим кайра каралышы ыктымал.
Ал эми жаңы чечим ковидге байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалга жана
вакцинацияга байланыштуу, ошондой эле туристтик сезонду аяктоого
ылайыкталып кабыл алынды. Муну менен акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат.