Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

 

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.

 

УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын акыркы маалыматына ылайык, “Ак-тилек унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө 130дан ашык жүк ташуучу унаа кезекте турат.

 

Арасында айыл-чарба продукциясын, контейнерлерди ташып бара жаткандар жана бош унаалар дагы бар. Бул майрам күндөрүнөн кийинки жүк ташуу жандангандагы кадимки көрүнүш. Кыргыз тараптан унааларды өткөрүүдө эч кандай чектөөлөр жок, — дешти ведомстводон.