Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар эми айдоочу күбөлүктөрүн биздин өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жаңырта алышат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-январынан тарта документти алмаштыруу Кыргызстандын бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде мүмкүн болот.
Буга чейин айдоочу күбөлүктү Кыргызстандын аймагында гана алмаштырууга мүмкүн болчу.