Казакстандан 150 кыргызстандык эвакуацияланды

Казакстандан 150 кыргызстандык эвакуацияланды. Аларды Бишкектин борборуна чейин муниципалдык автобустар алып келди. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Мекендештерди Казакстандагы консулдук аркылуу “Ак-жол унаа жолу” бекетинен өткөрүү мүмкүн болду. Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөдөн кыргызстандыктарды эвакуациялоону улантууда.