Санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлиги жактырылды

Санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлиги жактырылды.   Аны кызматка дайындоого 54 депутат макулдугун берип, каршы чыккандар болгон жок.   Аталган министрликти буга чейин жетектеген Дастан Догоев январдын башында кызматтан кеткен. Ал эми Талантбек Иманов «Дастан» заводунда иштеген.

Дүйнөдө бриллиант таштуу зер буюмдарга суроо-талап кескин өстү

Дүйнөдө бриллиант таштуу зер буюмдарга суроо-талап кескин өстү.   Былтыр сейрек кездешүүчү жана чоң таштар тагылган сөйкө-шакектер кымбаттаса, эми кичинекей ташы бар буюмдардын дагы баасы көтөрүлдү.   Адистердин айтымында, бриллиант буюмдарга көбүнесе экономикасы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин жаштары кызыгууда.

Кыргызстанга эки жыл мурун Россиядан алып келинген 400 ИВЛ аппарат колдонулбай, кампада турат

Кыргызстанга эки жыл мурун Россиядан алып келинген 400 ИВЛ аппарат колдонулбай, кампада турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.   Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдиргендей, аппараттардын акчасы төлөнбөй, алар  2020-жылдан бери кампада сакталууда.   Чиновник кошумчалагандай, өкмөт маселени жакын арада жөнгө… Кененирээк…

Милициянын көчмө кабылдамасы учурда Кадамжай районун кыдырууда

Милициянын көчмө кабылдамасы учурда Кадамжай районун кыдырууда.   Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери Орозбеков, Көтөрмө айылдарында жана Кадамжай шаарында жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мектептердин окуучулары менен жолугуп, кылмыштуулукту алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Чүй облусунда той-аштарды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди

Чүй облусунда той-аштарды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусундагы координатору Бактыгүл Маматова билдирди. Анын айтымында, COVIDге каршы күчөтүлгөн чаралардын алкагында, кафе менен ресторандарда бир эле учурда 50дөн ашык адам чогулбашы керек. Чектөөлөр буга чейин деле болгону менен ал сакталган эмес. Мындан… Кененирээк…

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу уланууда

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу уланууда. Анын алкагында 500 килоВаттык электр чубалгысы тартылууда, — дешти «Улуттук электр тармактарынан». Жалпысынан 455 чакырым линия тартылат, ал Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан Тажикстандын чек арасына чейин өтөт. Бүгүнкү күндө жолдор курулуп, тирөөчтүн чуңкурлары казылды, ошондой эле тирөөч жана… Кененирээк…

Бишкекти жана Чүй облусун каптаган туман кечке чейин сакталат

Бишкекти жана Чүй облусун каптаган туман кечке чейин сакталат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аба-ырайынын шарттарына байланыштуу көрүү кескин начарлады. Андан улам, айдоочуларга жана жөө жүрүүчүлөргө өзгөчө этият болуу сунушталат

Бишкектин батыш тарабында жашаган тургундар канализация тармагына кошулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

Бишкектин батыш тарабында жашаган тургундар канализация тармагына кошулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мэриядан билдиришкендей, ордо калаада жаңы магистралдык канализациялык коллектор курулууда. Ал Пригородное айылындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдан Ахунбаев көчөсүнө чейин өтөт. Жалпы узундугу 11 чакырымды түзөт. Туташуу боюнча суроолор менен “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасынын “Бирдиктүү терезесине” кайрылса… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Фоторедакторго “калем сап” кошулду. Анын жардамы менен фотолорго жана видеолорго сүрөтөрдү тартып, түсүн алматырып, чийиндердин өлчөмүн өзгөртсө болот. Ошондой эле мессенджерде фотолорду так эмес, бүдөмүк кылып көрсөткөн курал пайда болот. Муну менен сүрөттү жөнөтөрдөн мурда фотонун айрым жерин жашырууга… Кененирээк…

Бишкекте кайра өтө турган парламенттик шайлоого карата 120 добуш берүү участогу ачылат

Бишкекте кайра өтө турган парламенттик шайлоого карата 120 добуш берүү участогу ачылат. БШКнын маалыматына караганда, 25-январга чейин шайлоо өтө турган мекемелердин бары бардык категориядагы жарандарга жеткиликтүүлүгү текшерилет. Эске салсак, 27-февралда Свердлов жана Биринчи Май округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтөт. БШК бардык талапкерлерди 7-февралга… Кененирээк…