Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу уланууда

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу уланууда.

Анын алкагында 500 килоВаттык электр чубалгысы тартылууда, — дешти

«Улуттук электр тармактарынан». Жалпысынан 455 чакырым линия тартылат,

ал Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан Тажикстандын чек арасына чейин өтөт.

Бүгүнкү күндө жолдор курулуп, тирөөчтүн чуңкурлары казылды, ошондой эле тирөөч жана

бетондор орнотулууда. Жумуштар учурда активдүү жүрүп жатат. Иштерге 130 атайын

техника жана 230 жумушчу тартылды. Кошумчаласак, CASA-1000 долбоору Кыргызстан,

Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетика тутумдарын байланыштырууга

багытталат. Курулуш иштерин Кыргызстан аймагында 2023-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда.