Бишкектин батыш тарабында жашаган тургундар канализация тармагына кошулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

Бишкектин батыш тарабында жашаган тургундар канализация тармагына кошулууга

мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мэриядан билдиришкендей, ордо калаада жаңы магистралдык

канализациялык коллектор курулууда. Ал Пригородное айылындагы саркынды сууларды

тазалоочу жайдан Ахунбаев көчөсүнө чейин өтөт. Жалпы узундугу 11 чакырымды түзөт.

Туташуу боюнча суроолор менен “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик

ишканасынын “Бирдиктүү терезесине” кайрылса болот.