Чүй облусунда той-аштарды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди

Чүй облусунда той-аштарды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусундагы

координатору Бактыгүл Маматова билдирди. Анын айтымында,

COVIDге каршы күчөтүлгөн чаралардын алкагында, кафе менен

ресторандарда бир эле учурда 50дөн ашык адам чогулбашы керек.

Чектөөлөр буга чейин деле болгону менен ал сакталган эмес.

Мындан ары Санэпидемиологиялык орган менен милиция

кызматкерлери рейддерди жүргүзөт. Эреже бузгандарга айып салынат.