Кыргызстанга эки жыл мурун Россиядан алып келинген 400 ИВЛ аппарат колдонулбай, кампада турат

Кыргызстанга эки жыл мурун Россиядан алып келинген 400 ИВЛ аппарат колдонулбай, кампада турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдиргендей, аппараттардын акчасы төлөнбөй, алар  2020-жылдан бери кампада сакталууда.

 

Чиновник кошумчалагандай, өкмөт маселени жакын арада жөнгө салат жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары бир-эки жуманын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет.

 

400 аппараттын 300ү стационардык болсо, 100ү көчмө.