Бишкекте кайра өтө турган парламенттик шайлоого карата 120 добуш берүү участогу ачылат.
БШКнын маалыматына караганда, 25-январга чейин шайлоо өтө турган мекемелердин бары
бардык категориядагы жарандарга жеткиликтүүлүгү текшерилет. Эске салсак, 27-февралда
Свердлов жана Биринчи Май округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра
шайлоо өтөт. БШК бардык талапкерлерди 7-февралга чейин каттоого алышы керек.