Бишкекке Белорусиядан алынып келинген автобустар кайсы линия менен жүрөрү айтылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, коомдук транспорт №7, №38 жана №42 автобус
каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташыйт. Автобустар тесттик режимде 3 ай иштейт.
Эске салсак, буга чейин Минскиде чыгарылган транспорт мэрияда презентацияланган.